Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Ак Тилек” өткөрмө бекетинде жүзгө жакын жүк ташуучу унаа кезекте турат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 19-март күнү кечке жуук бул бекетте унаалардын кезеги пайда болду. Буга Казакстан тараптын автоунааларды көбүрөөк убакыт текшергени себеп болгон. Учурда бир саатта 4-5 унаа чек арадан өтүп жатат.
Кыргыз-казак чек арасындагы башка бекеттерге унаалардын тыгыны байкалган жок. (BkA)