Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Касым-Жомарт Токаев Астананы Нурсултан деп өзгөртүүнү сунуштады


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенттик кызматына киришкен Касым-Жомарт Токаев борбор калаа Астананы өлкөнүн тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атынан Нурсултан деп атоону сунуш кылды.

Ал бул тууралуу Казакстандын парламентинде ант бергенден кийин жасаган билдирүүсүндө айтты. Анын сунушунан кийин депутаттар ордунан туруп бир топко чейин кол чабышты.

Касым-Жомарт Токаев мындай сунушту парламентарийлер буга чейин да беришкенин эске салып, «Казакстандын биринчи президентинин эл алдында эмгеги абдан чоң. Ошондуктан анын улуу ысымын түбөлүккө калтырышыбыз керек» деди.

Токаев 2020-жылга белгиленген шайлоого чейин өлкөнүн президенти болуп калат.

19-мартта жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат жетиде Нурсултан Назарбаев мамлекеттик телеканал аркылуу элге кайрылып, бийликтеги ыйгарым укуктарын токтоторун жарыялаган. Назарбаев «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин айтты.

79 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанда 1990-жылдан бери мамлекеттик бийликтин башында турду.

Баш мыйзамдагы «Улут көсөмү» тууралуу беренеге ылайык, Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектей алат. (BTo)

XS
SM
MD
LG