Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:12

Президент чек ара маселеси боюнча күч түзүмдөрүн сындады


Чек ара маселеси боюнча кеңешме. 20-март, 2019-жыл.
Чек ара маселеси боюнча кеңешме. 20-март, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков чек арада чыр-чатакты болтурбоо үчүн калк арасында алдын ала жеткиликтүү иш жүргүзбөгөнү үчүн күч түзүмдөрүнүн ишин сынга алды.

20-мартта Баткен облусундагы чек арадагы абал боюнча кеңешмеде президент буларды айтты:

«Өлкөдөгү бейпилдик жана тынчтык чек арадагы туруктуулукка байланыштуу болот. Кандай гана кырдаал түзүлбөсүн, озунуп иштеп, жергиликтүү бийликтин жана калктын өкүлдөрү менен биргелешип маселелерди чечүү зарыл. Ар кандай бузуку аракеттерге жол бербегиле», — деди президент.

Ошондой эле чек ара боюндагы аймактарда социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү жана калктын талаптарын чечүүнү тапшырды.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кыргыз-тажик чек арасындагы 13-14-мартта болгон чыр-чатак жана эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Кеңешмеге президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев катышты. (BTo)

XS
SM
MD
LG