Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Жалал-Абад: чет өлкөлүк беш студенттен кургак учук чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шаардагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинде окуп жаткан индус улутундагы беш студенттен кургак учук чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук Бауэр атындагы кургак учукка каршы борборунун дарыгери Бахадыр Пулатов билдирди:

“Бир айлыктын алкагында Индиядан, Пакистандан жана Бангладештен келген 700дөн ашык, Өзбекстандан келген 210 студентти флюорографиядан өткөрдүк. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын шаардагы №10 колониясында жазасын өтөп жаткан 620 адамды жана Сузактагы карылар жана майыптар үйүндөгү жүзгө жакын кары адамды текшердик. Жыйынтыгында беш индус студенттен жана түрмөдө жазасын өтөп жаткан 12 соттолуучудан кургак учук дарты чыкты. Ал эми карылар үйүнүн анализдери азырынча чыга элек”, – деди Пулатов.

Жалал-Абадда 1-марттан 1-апрелге чейин кургак учукка каршы күрөшүүнүн бир айлыгы жүрүп жатат. Анын алкагында дарыгерлер окуу жайларда, мекеме-уюмдарда лекцияларды өтүп, жарандардын ден соолугун текшерип жатат.

Облус аймагында былтыр кургак учук дартына чалдыккан 868 адам катталса, алардын 32си көз жумган. (RsK)

XS
SM
MD
LG