Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:58

Дарига Назарбаева Сенаттын төрайымы болуп шайланды


Дарига Назарбаева атасы Нурсултан Назарбаев менен, 1-май, 2016-жыл.
Дарига Назарбаева атасы Нурсултан Назарбаев менен, 1-май, 2016-жыл.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаева казак парламентинин жогорку палатасы – Сенаттын төрайымы болуп шайланды.

Бүгүн президент катары ант берген Касым-Жомарт Токаев Сенатты жетектөөгө Назарбаеванын талапкерлигин сунуш кылды.

55 жаштагы Дарига Назарбаева буга чейин Сенаттын эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетин башкарган. Ага чейин вице-премьер-министрдин кызматын аркалаган.

65 жаштагы Касым-Жомарт Токаев 20-мартта ант берип, президенттик кызматка киришти. Коңшу өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев 19-мартта бийликтен кетерин жарыялап, «президенттин бул мөөнөтү бүткөнчө» мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын Касым-Жомарт Токаевге берген.

XS
SM
MD
LG