Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:03

Кыргыз делегациясы якутиялыктардан кечирим сурады


Сүрөт Самат Токтоболотовдун "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
Сүрөт Самат Токтоболотовдун "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

Якутияга барган кыргыз делегациясы мамлекеттик телеканал аркылуу жергиликтүү элден кечирим сурап, кайрылуу жасады. Делегациянын өкүлдөрү бардык өлкөлөрдө жоопкерчиликти кылмышты жасаган адам тартарын белгилешип, кылмышкердин айынан Якутияда эмгектенип жүргөн башка кыргызстандык жарандарды жазалабоону өтүнүштү.

Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов 20-мартта Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева менен жолугушканын "Фейсбукка" жазды.

Якутияда кыргызстандык жаран зордуктоого шектүү катары кармалган. Ушундан улам 18-мартта Якутск шаарынын тургундары мыйзамсыз мигранттарга каршы нааразылык акциясына чыгышкан.

19-мартта Кыргызстандын Миграция кызматы жана Орусиядагы элчиликтин өкүлдөрүнөн турган делегация Якутияга барып, республиканын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG