Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:13

21-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат


«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 21-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз +12…+17,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз +12…+17,

Баткен облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз +13…+18,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4…9, күндүз +13…+18,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы +14…+16° болот.

XS
SM
MD
LG