Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:25

Якутия: мигранттарга ыдык көрсөткөндөр кармалууда


Якутиядагы митинг. 18-март, 2019-жыл.
Якутиядагы митинг. 18-март, 2019-жыл.

Орусиянын карамагындагы Якутия (Саха) Республикасынын полициясы борборазиялык мигранттарга ыдык көрсөткөн жергиликтүү тургундарды кармап жатканы кабарланды.

Якутиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Жазбек Бекболиев кыргызстандык эки жигит полицияга кайрылганын, аларга ыдык көрсөткөндөр кармалганын билдирди.

Мигранттарга каршы маанай 17-мартта кыргызстандык жаран жергиликтүү аялды зордуктаганы тууралуу маалымат чыккандан кийин күчөгөн. 18-мартта мыйзамсыз мигранттарга каршы митинг өтүп, ага Якутиянын жетекчилери да катышкан. ​

Учурда полиция элди сабырдуулукка чакырып, ар бир кылмышты күч түзүмдөрү кылдат иликтеп чыгарын билдирип жатат.

Расмий маалыматка караганда, республикада 2018-жылы сексуалдык мүнөздө 296 кылмыш катталса, анын төртөө гана мигранттардын катышуусунда болгон.

20-мартта кыргызстандык делегация республиканын борбору Якутск шаарынын мэри менен жолугуп, телеканал аркылуу жабырлануучудан, анын жакындарынан жана якут элинен кечирим сурашты. Делегация зордуктоого шектелген кыргызстандык кармалган жайга да барганын маалымдашты.

Якутияда 7 миң ашуун кыргызстандык жашап-иштейт деген маалымат бар.

XS
SM
MD
LG