Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичирайонундагы Исанов көчөсүндө жайгашкан май бекеттен өрт чыкканы тууралуу кабар кечки саат 20:16да келип түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы беш бөлүм жиберилген. Мындан сырткары Штаб, ӨКМдин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу, Тез жардам кызматы, шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тартылган.
Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан бир адам жабыркаган. Ооруканага жеткирилген жарандын абалы канааттандырарлык экенин дарыгерлер билдиришти.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.
Күбөлөрдүн белгилегени боюнча, май куюучу бекеттеги жарылуу коңшулаш жайгашкан үйлөргө чейин сезилген. Катарлаш турган айрым үйлөрдүн айнектери талкаланган.
Өрт өчүрүлгөндөн кийин кырсык болгон жерге шаар мэри Таалайбек Сарыбашов менен шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов барып жагдайды көрүштү. Сарыбашов Ош шаарындагы май куйган жайлар текшерилерин айтты. (MdN)