Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:43

Ооганстанда президенттик шайлоо сентябрга жылды


Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрайымы Хава Алам Нуристани.
Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрайымы Хава Алам Нуристани.

Июлга белгиленген президенттик шайлоону сентябрга жылдыруу чечими кабыл алынганын 20-мартта Ооганстандын Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрайымы Хава Алам Нуристани маалымдады. Анын айтымында, мындай чечим бийликке добуш берүүнү мыкты уюштуруу үчүн убакыт берүү жана былтыр октябрдагы парламенттик шайлоодо аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн кабыл алынды.

Шайлоонун датасы ушуну менен экинчи жолу жылдырылып жатат.

Президенттик шайлоо биринчи 20-апрелге белгиленген, андан кийин 20-июлга жылдырылган.

Былтыр октябрда өткөн парламенттик жана жергиликтүү шайлоодо ондогон кемчиликтер аныкталган.

Февраль айында Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын жана Арыздар боюнча шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсү "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” деген негизде иштен четтетилип, аларга өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынган. Ошондон кийин шайлоого жооптуу мекеменин курамы жаңыланган.

Ооганстандагы президенттик шайлоого азыркы мамлекет башчысы Ашраф Гани баштаган ондогон адам катышуу ниетин билдирген.

XS
SM
MD
LG