Эл аралык укук коргоочу тогуз уюмдун атынан жазылган билдирүүдө Тажикстан бийлигинен өлкөдө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясынын төрагасынын орун басары Махмадали Хаитти бошотуу талабы коюлган. Билдирүү ээлери Дуйшөмбү шаарындагы №1 тергөө абагында кармалып жаткан Хаит кыйноого кабылганын анын жубайына таянуу менен билдиришкен. Хаиттин жубайы Савриниссо Жураева күйөөсү менен акыркы жолу жолугушууга барганда анын башында жана денесинде тактары болгонун, ага медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүн айтып берген. Жураева "Хаит телеканал аркылуу "Ислам кайра жаралуу" партиясын жана анын лидерин жамандоодон баш тартканы үчүн кыйнашкан" деп айтты.
Укук коргоочу уюмдардын жетекчилери буга байланыштуу батыш өлкөлөрүнүн Тажикстандагы элчиликтерине да кайрылып, алардан тергөө абагында жаткан Махмадали Хаиттин абалынан кабар алууну жана бийликтен аны бошотууну талап кылуусун өтүнүшкөн.
Махмадали Хаит буга чейин да кыйноого кабылганын билдирген.
2015-жылы 29-сентябрда Тажикстандын Жогорку сотунун чечими менен “Ислам кайра жаралуу” партиясы "террористтик уюм" деп табылган. Партиянын жетекчилиги генерал-майор Абдухалим Назарзода уюштурган куралдуу козголоңго тиешеси бар деп айыпталган. 2016-жылы диний партиянын 14 мүчөсү узак мөөнөткө соттолгон, алардын экөө өмүр бою эркинен ажыратылган.
Өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн айрым мүчөлөрүнө, анын ичинде лидери Мухиддин Кабириге эл аралык издөө жарыяланган.