Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:40

Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленет


Бишкектеги Нооруз. 2018-жыл.
Бишкектеги Нооруз. 2018-жыл.

Бишкекте Нооруз майрамы Ала-Тоо аянтында белгиленет. Борбордук Ала-Тоо аянтында шаардагы чыгармачыл топтордун катышуусунда Нооруз майрамына арналган театралдаштырылган оюн-зоок программасы болот. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана калаа башчысы Азиз Суракматов шаардыктарды майрамы менен куттуктайт.

Аянтта кол өнөрчүлөрдүн улуттук баш кийими - элечектин сүрөт көргөзмөсү уюштурулган. Андан тышкары чыгыш элдерине тиешелүү кол өнөрчүлүк буюмдардын көргөзмөсү болот.

Борбор калаанын бардык райондорунда сүмөлөк кайнатылып, улуттук оюндар, концерттик программалар уюштурулат.

"Ак-кула" ат майданында көкбөрү жана улуттук ат оюндары өтөт.

Нооруз майрамы бүгүн бардык шаарларда, облустардын, райондордун борборлорунда да концерттик программалар, улуттук оюндар жана тамак-аш, кол өнөрчүлүк буюмдардын көргөзмөсүнүн коштоосунда өтөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG