Кыргызстанга Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автономиялуу районунан кыргыздардын маданий делегациясы келди. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашкандай, делегацияны Кызыл-Суу – Кыргыз автоном облусунун партиялык комитет мүчөсү Хайбунуер Юйшань айым жетектеп келген. Кыргызстан тараптан аларды маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү тосуп алышты.
Маалыматка ылайык, кытайлык делегация Бишкекте 25-мартка чейин болот. Алар Нооруз майрамында Ала-Тоо аянтындагы салтанатта өнөрлөрүн тартуулайт. 22-март күнү А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында, 23-март күнү К. Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда чоң программадагы концертин тартуулашат.
24-март күнү делегациянын өкүлдөрү Кыргызстандын маданият, өнөр тармагындагы адамдары менен жолугушат. (ZKo)