Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:50

Президент кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Өлкө башчынын куттуктоосунда Нооруз - жаздын, тазаруунун, өзгөрүүнүн, жаңы күндүн майрамы экени айтылат. Ошондой эле президент тынчтыктын, өз ара түшүнүүнүн жана ынтымактын салтанаты экенин белгилеген.

«Эзелтеден бул нукура элдик майрамды элибиз аруу тилек, жаңы үмүт, жаркын маанай менен тосуп, жыл башы катары кабыл алып келген. Ата-бабалардан калган бул көөнөргүс салтыбызды байытып, кийинки урпактарыбызга жеткиребиз», - деген президент кыргызстандыктарга тынчтык, өлкөнүн өнүгүшүн каалаган.

Бүгүн Нооруз майрамы Кыргызстандын булуң-бурчунда белгиленет. Бишкектин Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамына арналган театралдаштырылган оюн-зоок программа болот. «Ак-кула» ат майданында көкбөрү жана улуттук ат оюндары өтөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG