Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:10

Коңшу өлкөнүн президенттери кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттукташты


Бишкектин "Ала-Тоо" аянты. 21-март, 2019-жыл.
Бишкектин "Ала-Тоо" аянты. 21-март, 2019-жыл.

Бир катар өлкөнүн жетекчилери президент Сооронбай Жээнбековду жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттукташты.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек мамилелери жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилесе, Түркмөнстандын өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов Нооруздун элдер ортосундагы биримдикти жана достукту чыңдоодо өзгөчө мааниси бар экенин айткан.

Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик элдеринин достук байланыштары жана кызматташтыгы бекемделет деген ишеничин билдирген.

Нооруз түрдүү элдерде Новруз, Нав-враз, Неороз, Наурыз, Навруз, Невруз деп аталат.

Бул майрам 2016-жылы ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жана каттоо тизмесине кирген.

Ноорузду ЮНЕСКОго Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Иран, Индия, Ооганстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Ирак жана Пакистан сунуштаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG