Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Стамбулда түрк тилдүү өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрү Ноорузду майрамдашты


"Түрк дүйнөсү" этнокомплексинде өткөн иш-чарага Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркменстандын, Казакстандын жана Азербайжандын Стамбул шаарында иш алып барган өкүлдөрү катышты.

Майрамдык программа кыргыз сүрөтчүсү Тажыгүл Күнтүздүн Нооруз майрамына арналган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы менен башталды.

Ошондой эле кыргызстандык жана түркмөнстандык студенттер концерт коюшту.

Түркияда Нооруз майрамы жаздын келиши, берекенин жана токчулуктун майрамы катары белгиленет.

Кыргызстандыктар катышкан иш-чаралар Түркиянын Анкара, Измир жана Анталия сыяктуу шаарларында да өтүп жатат. (ElB)

XS
SM
MD
LG