Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Көкбөрү: "Ынтымак" - "Достук" 6:1 (видео)


"Ынтымак" жана "Достук" командалары. 21-март, 2019-жыл.
"Ынтымак" жана "Достук" командалары. 21-март, 2019-жыл.

Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдештин Жогорку лиганын финалында "Ынтымак" командасы жеңишке жетти.

Бүгүн Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында өткөн финалдык таймашта Таластын "Ынтымак" командасы Оштун "Достук" командасын 6:1 эсеби менен утуп алды.

“Ынтымак” ушуну менен Нооруз турнирин үчүнчү жолу жеңди.

Жогорку лигада 3-орунду "Бакубат Талас" командасы алды. 3-орун үчүн беттеште таластыктар "Көк Жал" командасын 7:1 эсебинде жеңген.

Ошондой эле бүгүн Биринчи лиганын финалдык таймашында Таластын "Алкан-Ата" командасы Бишкектин "Келечек" командасын 5:1 эсебинде утуп, мөөрөйдү колго алды.

Бул лигада 3-орунду Ак-Талаанын "Соң-Көл" командасы ээледи. 3-орун үчүн таймашта "Соң-Көл" оюнчулары "Казарман" командасын 1:0 эсебинде жеңген. (BTo/SDz)

XS
SM
MD
LG