Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 02:15

Астанада Нурсултан деген аталышка каршы чыккандар кармалды


Астанада полиция нааразылыкка чыккандарды кармап жатат, 21-март, 2019-жыл.

Астанада шаардын аталышын Нурсултан деп өзгөртүүгө каршы чыккандар кармалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-мартта Астананын акимчилиги жайгашкан аянтта баш калаанын аталышын өзгөртүүгө каршы акция өткөнү жаткан. Бирок чогулган онго жакын кишини полиция автобустарга салып кетти.

Шаршембиде казак парламенти коңшу өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевдин урматына борбор шаар Астананын аталышын Нурсултан деп атоо тууралуу сунушту колдоп, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизген.

Астананы Нурсултан деп өзгөртүүнү 20-мартта ант берип, президенттик кызматка киришкен Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган.

Пикирлерди көрүңүз (12)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG