Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Утрехттеги кол салууга шектүүгө "террорчулук" боюнча айып коюлат


Утрехт шаарында трамвайдагы ок атуудан кийин. 18-март, 2019-жыл. Нидерланды.
Утрехт шаарында трамвайдагы ок атуудан кийин. 18-март, 2019-жыл. Нидерланды.

Нидерланд прокуратурасы Утрехттеги кол салууга шектүү адамга "террорчулук" боюнча айып тагыларын кабарлады. Прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, бул иш боюнча сот 22-мартта башталат.

Азыр шектүү киши террордук максатты көздөгөнбү же анын аракети жеке маселеге байланыштуу экени иликтенип жатат.

Утрехт шаарында 18-мартта трамвайдагы ок атууда үч кишинин өмүрү кыйылып, бешөө жаракат алган. Окуяга шектүү катары 37 жаштагы түркиялык Гөкмен Таныш жети сааттан кийин кармалган. Прокуратура ал өзү жалгыз ок атканын, анын аракетинде террорду көрсөткөн далилдер бардыгын маалымдады.

Буга чейин Нидерланддын медиасы кол салууга байланыштуу дагы эки киши кармалганын жазып чыккан. Бирок алардын от атууга тиешеси барбы же жокпу азырынча айтыла элек.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG