Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:01

Пакистанда студентти сабап өлтүргөндөр өмүр бою кесилди


Полиция жазага тартылган Машал Хандын жатаканадагы бөлмөсүн тинтип жатат, 14-апрель, 2017-жыл.
Полиция жазага тартылган Машал Хандын жатаканадагы бөлмөсүн тинтип жатат, 14-апрель, 2017-жыл.

Пакистандын түндүк батышында социалдык тармактарда жазган билдирүүлөрү үчүн чогуу окуган студентти "жаратканга акарат келтирди" деп, "токмоктоп өлтүрүп коюшкан" деген айып менен эки адам өмүр бою эркинен ажыратылды. Окуя эки жыл мурда болгон.

Абдул Вали Хан университетинин студенттери Машал Хан аттуу 23 жаштагы жигитти социалдык тармактарда "жаратканга акарат келтирген маалыматтарды жайылтат" деп союл менен сабашкан.

Айыпталгандардын бири Ариф Хан премьер-министр Имран Хандын «Техрик-и Инсаф» партиясына мүчө экени аныкталды. Окуя боюнча ондогон кишилер кармалып, бир жыл мурда бир адам өлүм жазасына тартылып, беш адам өмүр бою эркинен ажыратылган.

Студенттин токмоктолуп өлтүрүлүшү Пакистанда нааразылык толкунун жаратып, мындай кылмышты дин өкүлдөрү да айыптап чыгышкан.

XS
SM
MD
LG