Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Евробиримдиктин лидерлери Брекзитти талкуулоого чогулушту


Британ премьер-министри Тереза Мэй Брюсселде, 21-март, 2019-жыл.
Британ премьер-министри Тереза Мэй Брюсселде, 21-март, 2019-жыл.

Брюсселде Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн эки күндүк саммити башталды. Анда Брекзиттин мөөнөтүн узартуу маселеси талкууланат. Мурдарак премьер-министр Терезе Мэй Британиянын биримдиктен чыгуу мөөнөтүн 30-июнга чейин узартууну өтүнгөн.

Мэй француз президенти Эммануэл Макрон жана Европа кеңешинин жетекчиси Дональд Туск менен жолугушат.

Лондон 29-мартка чейин Евробиримдиктен кайсы жол менен чыгып кетүүнү чечиши керек. Бирок британ мыйзам чыгаруучулары Мэйдин өкмөтү даярдаган келишимдин долбоорун четке каккан. Парламент Евробиримдиктен макулдашуусуз чыгууга каршы добуш берип, Брекзиттин мөөнөтүн жылдырууну жактырган.

Буга чейин Франция Мэйдин мөөнөттү узартуу өтүнүчүн четке кага турганын айтып коркуткан. Париж британ парламенти премьер Мэйдин планын жактырарына кепилдик талап кылган. Берлин да ушундай эле көз карашта экенин билдирген.

“The Guardian” гезити өз булактарын таянып, Брюссель Лондонго 22-майга чейин мөөнөт берүүгө макул болуп жатканын жазып чыкты. Бул күнү Европарламентке шайлоо өтөт. Эгер Британиянын өкүлдөрү шайланып келсе, бул анын шаркеттен чыгуусун татаалдаштырат.

Британия Евробиримдикке 1973-жылы кошулган.

XS
SM
MD
LG