Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Болгария: ГЕРБ партиясынын мүчөлөрүнүн кымбат батир алганы иликтенет


ГЕРБ партиясынын төрагасынын орун басары Цветан Цветанов.
ГЕРБ партиясынын төрагасынын орун басары Цветан Цветанов.

Болгариянын Башкы прокуратурасы башкаруучу ГЕРБ (Жарандар Болгариянын европалык өнүгүүсү үчүн - ГЕРБ) партиясынын төрагасынын орун басары кантип кыймылсыз мүлк сатып алганын иликтей баштады. Буга «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун болгар кызматынын иликтөө материалы себеп болду.

Болгар кызматынын журналисттери ГЕРБ партиясынын төрагасынын орун басары Цветан Цветанов 2018-жылдын июнунда София шаарында “Артекс” курулуш компаниясынан өтө кымбат баалуу батирди кантип алганын иликтеп чыгышкан.

Цветанов София шаарындагы батирди “Артекс” компаниясынан базардагы баадан төрт эсе арзан, эки эски батирге айырбаштап алган.

“Артекс” эки батирдин документтери колуна тийер замат бир нече сааттын ичинде сатып жиберген. Өз учурунда бул кыймылсыз мүлктү Цветановго жакын жүргөн, ГЕРБ партиясынын шайлоо штабынын мурдагы кызматкери Симеон Велков сатып алган.

Башкаруучу партиянын кеминде үч мүчөсү “Артекстин” ошол эле кымбат баалуу батирлерин 30-50% арзан сатып алышканы аныкталган. Алар юстиция министри Цецка Цачева, ГЕРБдин парламенттеги депутаты Вежди Рашидов жана спорт министринин орун басары Ваня Колева.

2017-жылдын башында ГЕРБ партиясынын парламенттеги депутаттары Болгариядагы курулуш жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизишкен. Анын натыйжасында “Артекс” компаниясы Софияда 34 кабаттуу кымбат баалуу имарат тургуза баштаган. “Алтын кылым” - Болгариянын баш калаасындагы эң бийик имарат болуп калмакчы.

Цветанов – 2009-2013-жылдары Болгариянын ички иштер министри кызматын аркалаган. Өлкөдө премьер-министр Бойко Борисовдон кийинки эле таасирдүү экинчи киши саналат.

XS
SM
MD
LG