Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Орусия гиперүндүү 20 ракетасын аскер полигонуна жайгаштырды


Орус армиясынын генерал-лейтенанты Михаил Матвеевский 9М729 ракетасын көрсөтүп жатат. 23-январь, 2019-жыл.
Орус армиясынын генерал-лейтенанты Михаил Матвеевский 9М729 ракетасын көрсөтүп жатат. 23-январь, 2019-жыл.

CNBC телеканалы өз булактарына таянып билдиргендей, бул ракеталардан АКШ коргоно албайт. «Бул Орусиянын курал өнүктүрүү боюнча дымагы бар экенин көрсөтүп турат. Алар бул программага артыкчылык бере баштады» деп айткан атын атагысы келбеген эксперт.

Телеканал белгилегендей, «Канжар» деген аталыштагы «аба-жер» классындагы гиперүндүү ракета Орусияда кеминде үч жолу сыноодон өткөн.

Былтыр июлда Москва Кремлден 800 чакырым алыстыкта турган бутага каршы куралды ийгиликтүү сынаган.

Телеканалдын маалыматы боюнча, гиперүндүү ракета орусиялык МиГ-31 учагынан 12 жолу атылган. Мындан тышкары аны бомбалоочу учакка орнотуу иштери да жүрүп жатканы, Кремль бул ракеталарды 2020-жылы колдонууну көздөп жатканы айтылган.

XS
SM
MD
LG