Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Мурдагы судья Элвира Жаркееванын иши сотко өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Элвира Жаркеевага айыптоочу бүтүмдү бекитип берди.

Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, Жаркеева «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Алдамчылык», «Коррупция» жана «Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу» беренелери менен айыпталууда. Кылмыш иши иликтенип бүтүп, сотко ашырылды.

Тергөөнүн божомолу боюнча, Элвира Жаркеева кылмыш тобу менен келишип алып, жеке ишканалардын биринин мүлкүн өзүнө алыш үчүн бир катар мыйзамсыз чечимдерди чыгарган. 2016-жылдын 15-августунда ал ири өлчөмдөгү акча өндүрүп алуу тууралуу мыйзамсыз толтурулган арызды канааттандырып, кытай жаранынын кызыкчылыгын коргогон чечим чыгарган.

Башкы прокуратура ал доо арызды жазган кытай жаранынын өзүнө карата мурда Кыргызстанда «Алдамчылык» беренеси менен иш козголуп, издөөдө жүргөнүн билдирген.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку соттун судьяларына, жалпысынан жети кишиге «Коррупция» беренеси боюнча айып коюп, кылмыш ишин козгогон.

Жаркееванын иши Биринчи май райондук сотунда каралат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG