Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки адам өлдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл районунда жол кырсыгынан эки эркек киши каза болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын маалыматына караганда, кырсык 20-мартта саат 16:50 чамасында Балыкчы-Каракол автоунаа жолунун 139-чакырымында болгон. «Ауди 100» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзгөн.

Жол кырсыгынан улам автоунаанын айдоочусу — Жаркымбай айылынын 1960-жылы туулган тургуну жана жүргүнчү катары бара жаткан анын айылдашы — 1978-жылы туулган адам каза болгон.

Айрым маалыматтарга караганда, каза болгон эки адам Нооруз майрамына карата даярданып жүрүп кечинде айылга кайтып келе жатышкан. Бул кырсыкка байланыштуу Жаркымбай айылында Нооруз майрамы белгиленбей турган болгон. (AsM)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG