Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 03:14

Орус соту «терроризм» боюнча айыпталган украин жаранын түрмөгө кести


Павел Гриб.

Орусияда 20 жаштагы украин жараны Павел Гриб «адамдарды террорго үгүттөгөн» деген негиз менен алты жылга эркинен ажыратылды. Ростов-на-Дону шаарындагы Түндүк Кавказ аймактык соту мындай өкүмүн 21-мартта угузду.

Гриб өзүнүн күнөөсү жок экенин айтып, өкүмгө каршылык иретинде ачкачылык акциясын баштай турганын билдирди.

Ал 2017-жылдын август айында Интернеттен таанышкан бир аял менен жолугуш үчүн Беларуска кеткенден кийин дайынсыз жоголгон. Анын туугандары Павел Гриб Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) тузагына түшүп калышы ыктымал экенин билдиришкен. Кийинчерээк ФСБ Гриб «терроризм идеяларын жайылткан» деген шек менен кармалганын ырастаган.

Орус прокурорлору ага «өспүрүм кызды Интернет аркылуу азгырып, Сочи шаарында жардыруу уюштурууга шыктандырган» деген айып таккан. Грибдин атасы уулу Орусиянын Украинадагы аракетин ачык сындап жүргөнү үчүн куугунтукка кабылганын айтып жатат.

XS
SM
MD
LG