Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

Ирактагы кеме кырсыгында мерт болгондор 80 адамдан ашты


Ирактын кырсык болгон аймагы. 21-март, 2019-жыл.
Ирактын кырсык болгон аймагы. 21-март, 2019-жыл.

Ирактын Мосул шаарындагы дарыяда кеме кырсыгында каза тапкандардын саны 83 кишиге жетти. Премьер-министр Адил Абдул-Махди каза болгондордун сөөгү жеткирилген моргго барып, курман болгондордун жакындарына көңүл айтты. Каргашалуу окуя Тигр дарыясында 21-мартта эл Ноорузду майрамдап жаткан маалда болду.

Ниневия провинциясынын жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы полковник Хусам Халил өлгөндөрдүн көбү аялдар менен балдар экенин айтты. Ал Тигр дарыясында издеп куткаруу иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Ички иштер министри генерал Саад Маан 55 киши куткарылганын билдирди.

Коопсуздук кызматынын атын атабаган өкүлү «кемеге 100дөн ашуун киши түшүп алгандыктан, ал сууга чөгүп кеткенин» айтты.

XS
SM
MD
LG