Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңы вертолет сатып алууга акчасы жок экенин маалымдады. Мекеменин статс-катчысы Азамат Мамбетов эски тик учакты оңдоо үчүн үч жарым миллион доллар керек экенин билдирди.
2018-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында бир эле бузук тик учак бар экени маалым болуп, ар кандай кырсыктарга жаңы вертолет керек деген демилге көтөрүлгөн. Анда жаңы учакты сатып алуу үчүн 10 миллион доллар керек экени айтылган.
2015-жылдын жайында Токтогул районунун Чычкан капчыгайында токой өрттөнүп, өрт өчүрүүчү техника ал жакка жете алган эмес. "Тилсиз жоону" өчүрүүгө Казакстандын МИ-26 тик учагы көмөк көрсөткөн. (TSh)