“Кылым шамы” уюму кызмат учурунда токко урунуп, эки колу кесилген жоокер Руслан Сапарбаевдин иши боюнча Жалал-Абад облустук сотунун чечимине каршы Жогорку сотко арызданат. Бул тууралуу “Азаттыкка” жоокерге укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.
21-февралда Жалал-Абад облустук соту №30295 аскер бөлүгүнүн командиринин техникалык маселелер боюнча орун басарын актаган. Ал эми курулуш маселеси боюнча сержантты бир жылга шарттуу кескен. Андан тышкары жабырлануучуга 50 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Былтыр 30-ноябрда Майлуу-Суу шаардык соту экөөнү тең үч жылга шарттуу кескен эле.
Майлуу-Суудагы аталган аскер бөлүгүндө кызмат кылган Сапарбаев 2018-жылдын 8-августунда кезмет учурунда токко урунган. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген. Аскер прокуратурасы факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн.
Сапарбаевге дарыгерлер эки жолу операция кылып, эки колун тең чыканагына чейин ампутация кылышкан.
Руслан Сапарбаев - Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну, ал 2018-жылы жазында аскерге чакырылган. “Кылым шамы” уюму жоокер энеси менен чогуу батирде жашай турганын, үйү жок экенин, мамлекеттен турак жай өндүрүү маселеси да каралып жатканын кабарлаган. (TSh)