Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:04

Адвокат: Жапаровдун жаза мөөнөтү кыскарышы мүмкүн

Адвокат Шарабидин Токтосунов камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү жети жарым жылга чейин кыскарышы мүмкүн экенин билдирди.

Жаңы ишке кирген Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексине байланыштуу Жапаровдун ишин кайра кароо 23-мартка белгиленген.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл, алты айга кесилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG