Президент Сооронбай Жээнбеков “Согушта тумчуктуруучу, уулуу же ушул сыяктуу башка газдарды жана биологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго Кыргызстандын кошулуусу тууралуу” мыйзамга кол коюлду.
Бул протоколго 1925-жылы 17-июнунда Женева шаарында бир катар өлкөлөр кол коюшкан. Ал эми ага кошулуу мыйзамы Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 13-февралында кабыл алынган. Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Шарт боюнча Тышкы иштер министрлиги аталган протоколго Кыргызстандын кошулгандыгы тууралуу документти Франция өкмөтүнө жөнөтөт. (TSh)