Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

Өзгөндө окуучулар чырдашып, ок атылды


Оштун Өзгөн районунда жогорку класстын окуучуларынын чатагында травматикалык тапанчадан ок атылып, бир бала жабыркаган. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Милициянын маалыматында 17-март күнү Өзгөн районундагы Жазы айыл аймагынын Кара-Дыйкан айылында окуучулар арасында кайым айтышуу чырга айланып, У. Нны Д.О. аттуу бала газ-травматикалык тапанча менен аткан. Ок У.Ндин ээгине жана мойнуна тийген.

Учурда бул факт кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренесине (бейбаштык) ылайык сотко чейинки териштирүү башталды. (MdN\TSh)

XS
SM
MD
LG