Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда парламентке басым жасап, депутаттарды баш ийдирип алууга аракет жасаган деп билдирди.
Ал мындай пикирин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы даярдаган "Парламентаризм сабактары" берүүсүндө айтты.
"Өзү парламентти чөгөлөтүү, тизелетүү аракетин жүргүзгөн. Бир топ депутаттарга мыйзамсыз иш козгоп, куугунтуктаган. Парламентти алсыз кылып, өзү айткандай “бас” десе баса тургандай кылуу аракетин көргөн".
Депутат Канатбек Исаев Атамбаевдин тушунда "Бийликти басып алуу" беренеси боюнча айыпталып, 2017-жылы камалган. УКМКнын тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев Бишкек шаардык сотунун чечими менен 2018-жылы 18-июлда үй камагына чыгарылган.
Буга чейин 17-мартта Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү боюнча митингде экс-президент Атамбаев парламентти орой сөз менен сынга алган.