Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Анаркулова жана Мырзаназар уулу Азия чемпионатында күмүш байге алышты


Бекболот Мырзаназар уулу (Кыргызстан) жана Адлан Аскаров (Казакстан). 23-март, 2019-ж.
Бекболот Мырзаназар уулу (Кыргызстан) жана Адлан Аскаров (Казакстан). 23-март, 2019-ж.

Кыргызстандык балбандар Бекболот Мырзаназар уулу жана Нураида Анаркулова ушул күндөрү Моголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында күмүш байгенин ээси болушту. Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 23-март күнү эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшүнөн сегиз салмакта байгелер ойнотулду.

Бекболот Мырзаназар уулу эркин күрөштөн 57 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Таймаштар айлампа тартибинде өтүп, бул салмакта байге үчүн беш балбан килемге чыкты. Таймаштардын күндүзгү бөлүгүндө бир жеңилүү жана эки жеңишти камсыздаган Мырзаназар уулу кечке жуук болгон чечүүчү таймашта казакстандык Адлан Аскаровду 12:7 эсебинде жеңди. Бул жыйынтык күмүш байге алууга шарт түздү. Алтын байгени бул салмакта индиялык Рахул Рахул алды.

Күрөштүн бул түрүнөн Алибек Осмонов (65 кг.) алгачкы таймашында атаандашына жеңилип байгесиз калса, Бекжан Жамбулов (74 кг.) жана Музафар Жаппуев (125 кг.) коло байге үчүн таймашта атаандаштарына мөөрөйдү алдырып коюшту.

Бекболот Мырзаназар уулунун күмүш байгеси менен эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын эсебине бул чемпионатта экинчи байге кошулду. Буга чейин 22-мартта 61 кг.салмакта күрөшкөн Улукбек Жолдошбеков жеңүүчү болгон.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 57 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Нураида Анаркулова таймаштардын күндүзгү бөлүгүндө индиялык атаандашын жеңип, монголиялыкка жеңилип калган. Кечке жуук болгон чечүүчү таймашта казакстандык Екатерина Фирцованы жеңип, күмүш байге алды. Бул байге Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын бул чемпионаттагы алгачкы байгеси. Буга чейин Айбийке Акбаралы кызы (59 кг.) мелдештерин байгесиз жыйынтыктаган.

21-мартта башталган күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты 24-мартка чейин уланат. Мелдештин акыркы күнү эркин күрөшчүлөр Исламбек Орозбеков (70 кг.), Атай Изабеков (79 кг.) жана Кунай Нурдавлетов (97 кг.) Кыргызстандын атынан килемге чыгышат. (ECh).

XS
SM
MD
LG