Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Аскар Акаев: 24-мартта аянтка криминалдар чогулган


Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев 2005-жылы 24-мартта Ала-Тоо аянтында чогулгандардын көбү кылмышкер болчу деп эсептейт. Ал мындай пикирин ББС радиосунун суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Акаевдин айтымында, ошол кездеги оппозиция криминалдарды колдонуп бийликти кулаткан.

- Ошол күнү эртең менен бөлмөмдөн карасам, чогулган 15 миңдей кишинин ичинен 10 миңден ашыгы негизинен криминалдар экен, көпчүлүгү спирттик ичимдик ичип алыптыр. Ошондо көп эле жардамчыларым "Аскар Акаевич, көрүп турасыз, 10 миңден ашык криминал экен. Криминалга каршы күч колдонбосо болбойт" деп айтышты. Көп өтпөй эле "Акаев күч колдонбосо, кечинде өзүбүз кан төгүп, бийликке шылтап коёбуз" деген сөздөрдү уктук. Мындай сценарий кийин Киевде, башка мамлекеттерде да колдонулду.

Акаев кан төгүүнү болтурбоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин жана ал жеке өзүнүн чечими болгонун белгилеген. Ошондой эле Аксы окуясына токтолуп, "ок атууну өздөрү уюштурган" деп оппозицияга шылтады. Ал окуялар үчүн ошол кездеги өкмөт башчы Курманбек Бакиевди айыптады.

Кыргызстандын саясий тарыхында “Жоогазын ыңкылабы” деген ат менен белгилүү март окуясына быйыл 14 жыл толду. 2005-жылы 24-мартта нааразычылыгын билдирип чыккан миңдеген адамдардын күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл бою мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин режими кулатылган. Толкундоолор марттын башында Жалал-Абадда башталып, өлкөнүн булуң-бурчуна жайылган.

Акаев мамлекеттен качып, Орусиядан башпаанек алган. Бийликке оппозициялык кыймылдын башчысы Курманбек Бакиев келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (44)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG