Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Брекзитке каршы жүз миңдеген адам көчөгө чыкты


23-мартта Лондондо Брекзитке каршы жүз миңдеген адамдар демонстрацияга чыгышты.

Чогулгандар экинчи референдумду өткөрүп, Европа Биримдигинде калууну талап кылышты. Ушул эле күнү министрлер кабинети премьер-министр Тереза Мэйден Брекзитке байланыштуу чечиминен баш тартууну талап кылганын “The Sunday Times” гезити кабарлады. Аталган басылманын редактору Тим Шипман “балким бүгүн түнү же 10 күндүн ичинде Тереза Мэйди бийликтен кетиришет” деген божомолун да жазды.

Биринчи референдумда британиялыктардын 52-48 пайызы Еврошаркеттен чыгууну колдошкон. Марттагы демонстрацияны уюштургандар ага чыккандардын саны 1 миллионго жетти деп кабарлады. (BCh)

XS
SM
MD
LG