Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Бишкек жана Токмокто НАТОнун кесиптик курстары ачылды


Бишкек жана Токмок шаарларында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жана НАТОнун колдоосу менен пенсия курагына жакындап калган аскер кызматкерлери үчүн үч айлык курстар башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” курстарды уюштурган “Тилмеч” тил окутуу борборунун жетекчиси Жыпаргүл Кожобергенова билдирди. Анын айтымында, жыл сайын ондогон аскер кызматкерлери англис тилин үйрөнүп, компьютерди өздөштүрүп, кеңседеге иштөөгө керектүү компьютердик программалар, бизнести пландоо багытында билим алып жатат.

Буга чейин 500гө чукул аскер кызматкери курстарды бүтүрүп, пенсияга чыккандан кийин эл аралык компанияларга ишке орношкон. НАТО каржылаган бул курстар аскер кызматкерлерин жаңы кесипке үйрөтүү максатын көздөйт. (BCh)

XS
SM
MD
LG