Казакстанда Асет Исекешев башка ишке өткөнүнө байланыштуу президенттин администрациясынын жетекчиси кызматынан бошотулду.
Анын ордуна 1-марттан бери өлкөнүн мамлекеттик катчысы болуп иштеп жаткан мурдагы премьер-министр Бакытжан Сагинтаев дайындалды. Тиешелүү жарлыктарга өлкөнүн убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгону кабарланды.
Ал эми мамлекеттик катчы кызматын президенттик администрациянын биринчи орун басары Марат Тажин ээледи.
19-мартта мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган мурдагы президент Нурсултан Назарбаев февралда Бакытжан Сагинтаев башкарган өкмөттү "экономиканын өнүгүшүн камсыз кыла алган жок, министрлер эл менен иштей албайт" деген сын менен кызматтан кетирген.