Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

АКШнын башкы прокурору: «Трамп мыйзамды бузган эмес»


АКШнын башкы прокурору Уильям Барр.
АКШнын башкы прокурору Уильям Барр.

АКШнын башкы прокурору Уильям Барр конгрессмендерге атайын кат жөнөтүп, «Орусия 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен» деген шектенүү боюнча атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсү президент Дональд Трамп мыйзам бузганы тууралуу фактыларды таппаганын билдирди. Ошол эле убакта, ал катта айтылгандай, бул жыйынтык президентти «актай» да албайт.

Атайын прокурор Мюллердин командасы Америкадагы шайлоого орустардын кийлигишүүсүн гана эмес, Дональд Трампка тиешеси бар адамдардын орусиялык расмий өкүлдөр менен байланыштарын да иликтеген.

24-мартта АКШнын Юстиция министрлиги жөнөткөн катта Мюллер чогулткан маалыматтар «Трамп соттук териштирүү иштерине тоскоолдук кылганын ырастай албайт» деп жазылган.

АКШнын президенти Дональд Трамп жаңылыкка «Твиттер» аркылуу комментарий берип, «Мюллердин иликтөөсүнүн жыйынтыгы биз үчүн толук реабилитация болуп эсептелет» деген оюн билдирди. Эки жылга жакын созулган иликтөөнүн жыйынтыктарын Роберт Мюллер АКШнын башкы прокуроруна 22-мартта тапшырган.

XS
SM
MD
LG