Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Түркмөнстанда «Азаттыктын» кабарчысы өлкөдөн чыгып кетти


Сапармамед Непескулиев.
Сапармамед Непескулиев.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы үч жыл түрмөдө отургандан кийин өлкөдөн чыгып кетти. Сапармамед Непескулиев баңгизатка байланыштуу айып менен эркинен ажыратылган. Бирок укук коргоочулар жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) ал саясий негизде камакка алынганын билдирип жүрүшкөн.

Маалыматтарга караганда, Непескулиев 23-мартта Түркмөнбашы аэропортунан Стамбулду көздөй учуп кетти. Ал эки күн мурун өлкөдөн чыгуу визасын алган. Сапармамед Непескулиев былтыр майда жаза мөөнөтүн толук өтөп бүткөндөн кийин түрмөдөн чыккан. Ал 2015-жылы 7-июлда жоголуп, түркмөн соту аны баңгизат сактаганы үчүн айыптаган чечим чыгарганча, бир нече жума бою жакындары менен байланышсыз камакта отурган.

2015-жылы декабрда БУУнун жумушчу тобу Непескулиев «сөз эркиндиги үчүн өз эркиндигинен ажырады» деп жарыялаган.

2016-жылы июлда АКШнын жети конгрессмени Непескулиевдин камалышын «мыйзамсыз» деп белгилеп, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдон аны тез арада бошотууну талап кылган кат жазышкан. Сапармамед Непескулиев «Азаттыкка» Түркмөнстандагы бузулуп бараткан инфраструктура жана экономикадагы теңсиздик тууралуу жазып жүргөн. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын башка журналисттери да түрдүү куугунтукка дуушар болушкан.

XS
SM
MD
LG