Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Кыргызстанда велосезондун ачылышы болду


Жаңы велотректин узундугу тогуз чакырым болот.
Жаңы велотректин узундугу тогуз чакырым болот.

Буга арналган веложүрүш 24-мартта Бишкекте Уркуя Салиеванын эстелигинин алдынан башталып, шаардын түштүк магистралындагы Дайыр Асанов атындагы паркта аяктады. Акцияга миңден ашуун велосипед сүйүүчүлөр катышты. Арасында спортчулар, карапайым адамдар жана шаардык бийликтин өкүлдөрү бар.

Мэриянын маалыматы боюнча, Бишкекте веложүрүш 2006-жылдан бери уюштурулуп келет. Иш-чара сергек жашоону жайылтуу максатын көздөйт.

Активисттер бир нече жыл бою баш калаада велосипед менен жүрүүчү атайын жол жок экенин айтып, даттанып келишкен.

Былтыр күзүндө Бишкектин түштүк магистралын бойлой, Садырбаев көчөсүнөн Рысмендеев көчөсүнө чейин курулган, узундугу үч жарым чакырымга созулган веложол ишке берилген.

Борбор шаардын мэриясы келечекте Манас жана Чыңгыз Айтматов атындагы проспекттерди бойлой өтө турган веложол куруларын маалымдоодо. Ал Жибек Жолунан башталат жана ар бир тарабы тогуз чакырымдан болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG