Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Салык кызматкерлерине каршы соттук териштирүү уланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин үстүнөн соттук териштирүү жүрүп жатат. 22-мартта сотто мурунку салык кызматкери Дилбара Боронбаева, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиев көрсөтмө беришти. Ниязалиев өзүнө карата чыгарылган айыптоочу бүтүмдү түшүнбөгөнүн айтты.

2018-жылы УКМК атайын операциянын негизинде чет өлкөлүк жалган фирмалардын жасалма документтерин жана мөөрлөрүн тапкан. Мындан мамлекеттик бюджет 600 млн. сомдон ашуун зыян тартканы кабарланган. Маалыматка ылайык, «Интеррустрейд» жана «Полларис» ишканаларынын жетекчилери салык жана бажы кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, өлкө бюджетинен 393 млн. сомду мыйзамсыз алышкан, мындан тышкары 239 млн. сомдон ашуун салык төлөшкөн эмес.

Бул иш боюнча 13 кишиге кылмыш иши козголгон. Алардын ичинде Мамлекеттик салык кызматынын алты, Мамлекеттик бажы кызматынын үч кызматкери бар. Буларга «Алдамчылык» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып коюлган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG