Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

«Бүтүн Кыргызстан»: Мадумаров менен Атамбаев бирикпейт


Адахан Мадумаров.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин биригүүсү тууралуу кеп-сөздөр боюнча партия билдирүү таратты. Партиянын билдирүүсүндө Мадумаровдун жергиликтүү телеканалдардагы маеги бурмаланганы белгиленет.

«Бир сөздү бурмалап, ар ким өз ыңгайына жараша таратып жаткандыгы өкүндүрөт» деп жазылган билдирүүдө.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы 2020-жылы парламенттик шайлоого эч ким менен бирикпей катыша турганын билдирди.

Адахан Мадумаров менен экс-президент Алмазбек Атамбаев биригери тууралуу маалымат алгач «Калыс медиа» сайтына чыккан. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (111)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG