Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:38

Бишкекте балдары ВИЧ менен жабыркагандар акцияга чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Ноокат районунан келген жыйырмадай ата-эне балдары менен Бишкекте парламент имаратынын алдында нааразылык акциясын уюштурду. Алар бул илдет менен жабыркаган балдарга мамлекеттен өмүр бою пенсия чегерип берүүнү, жер тилкеси же үй менен камсыздоону талап кылышууда.

Чогулгандарга республикалык СПИД борборунун директору Үмүткан Чокморова жолугуп, бул маселе өкмөт тарабынан чечиле турганын түшүндүрүүгө аракет кылды. Ошондой эле ал бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинде ВИЧ менен жабыркаган ата-энелердин талаптары боюнча жыйын уюштуруларын билдирди.

2018-жылдын соңуна карата Кыргызстанда ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 кишиден ашкан, анын көбү эркектер. Анын ичинде 645 бала бар, теңинен көбү илдетти 2007-2008-жылдары ооруканадан жуктуруп алган. Дарыгерлердин шалаакылыгы менен дартка чалдыккан балдардын алды 18ге чыгып калды. (AlS/TSh)

XS
SM
MD
LG