Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

«Чек арасыз кабарчылар» казак бийлигин журналисттерге куугунтукту токтотууга чакырды


Светлана Глушкова. 2019-жыл.
Светлана Глушкова. 2019-жыл.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму «Твиттер» баракчасында Казакстандын бийлигин журналисттерге карата басымды токтотууга чакырды. Кайрылууда «жергиликтүү бийлик журналисттердин өз милдетин аткарууга тоскоол болуп жаткан куугунтукту токтотушу керек» деп жазылган.

Астанада 22-мартта Нооруз майрамы белгиленген кезде акцияга чыккандардын нааразылыгын түз ободо чагылдырган «Азаттыктын» казак кызматына жаштардын тобу каршылык көрсөттү.

Ошол эле маалда «Настоящее время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушкова кармалган. Полиция Глушковага каршы арыз түштү деп түшүндүргөн. Ал бири нече саат кармалып, анан коё берилди.

Казакстандын Астана, Алматы, Шымкент шаарларында Нооруз майрамында акцияга чыккан бир нече кишини полиция кармады. Алар башкалааны Нурсултан деп өзгөртүүгө жана бийликтин саясатына нааразылык билдирип чыгышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG