Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:06

Кытайдын лидери Францияга келди


Кытайдын лидери Си Цзиньпин француз президенти Эммануэл Макрон менен. 24-март, 2019-жыл.
Кытайдын лидери Си Цзиньпин француз президенти Эммануэл Макрон менен. 24-март, 2019-жыл.

Кытайдын лидери Си Цзиньпин Францияга келди. Аны жекшембинин кечинде француз президенти Эммануэл Макрон Ницца шаарынын жанындагы Керило вилласында тосуп алды. Дүйшөмбүгө белгиленген сүйлөшүүлөрдөн кийин энергетика сыяктуу бир нече тармактар боюнча эки тараптуу келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Си Цзиньпиндин бул сапары Италия Кытайдын «Бир алкак - бир жол» долбооруна кошулганын жарыялаган учурга туш келди.

Расмий Римдин бул чечимине Евробиримдиктин негизги өлкөлөрү жана АКШ каршылыгын билдирип чыгышты. Германиянын Тышкы иштер министрлиги бул долбоорго кошулуу Кытайга «көз каранды болууга тете» экенин кыйытты.

Кантсе да Италия Си Цзиньпиндин бул долбооруна колдоо көрсөткөн «Чоң жетиге» кирген биринчи Батыш өлкөсү болуп калды. Кытай лидери шейшемби күнү Парижде немис канцлери Ангела Меркел жана Еврокомиссиянын башчысы Жон-Клод Юнкер менен жолукмакчы.

XS
SM
MD
LG