Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:41

Зилалиев катылган каражаттын шайлоого тиешеси бар-жогун айтып берет


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Камактагы мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев банк уячасынан табылган акчанын президенттикке талапкерлердин биринин шайлоо штабына тиешеси бар-жок экенин соттук териштүрүү учурунда айтып берет. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова маалымдады:

- «Бул кайдан чыккан акча? Штабга тиешеси барбы же жокпу? Акчанын болгон тарыхын айтып берем» деди. Азыр ал акчанын шайлоого тиешеси тууралуу суроого «жок» же «бар» деп айткан жок. «Мен соттон айтып берем» деп жатат.

Жактоочу президенттик шайлоодогу кайсы талапкердин штабы жөнүндө сөз болуп жатканын ачык айткан жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2018-жылдын 8-декабрында мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди камакка алган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон.

2018-жылы 11-декабрда УКМК Дүйшөнбек Зилалиевге таандык экени сөз болгон акча тууралуу видео тасманы тараткан. Анда банк кызматкерлери уячадан таңгакталган акча алып чыгып, санап жатканы көрсөтүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG