Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Министрдин орун басарынын пара иши боюнча тергөө аяктады


Азимкан Жусубалиев. «Азаттыктын» коллажы.
Азимкан Жусубалиев. «Азаттыктын» коллажы.

Транспорт министринин пара менен кармалганы кабарланган мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин иши боюнча тергөө аяктап, прокуратурага өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

2018-жылдын 5-декабрында министрдин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалганы кабарланган. Андан кийин Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков бул окуя үчүн мурдагы министр Жамшитбек Калиловду катуу уяткарган. Көп өтпөй министр өз арызы менен кызматтан кеткен.

Атайын кызматтын материалдарына ылайык, министрдин орун басары акчаны өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган.

Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. УКМКнын маалыматы боюнча, андан мурда министрдин кылмышка шектүү орун басары ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алган, ал эми ортомчулук милдетти анын туугандары аткарган. (TSh)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG