Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Президент Жээнбеков Путиндин мамлекеттик сапарына даярдыкты талкуулады


Жээнбеков жана Путин. 14-май, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Жээнбеков жана Путин. 14-май, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин мамлекеттик сапарына даярдыкты талкуулады.

Орус президенти Владимир Путиндин ушул аптада Кыргызстанда өткөнү жаткан мамлекеттик сапарына көрүлүп жаткан даярдык тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков маалымат берди. Министр 25-мартта президенттин кабыл алуусунда болуп, Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында өтө турган иш-чаралар тууралуу айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бекитилген планга ылайык, бардык милдеттерди кылдат жана өз убагында аткарууну тапшырды. Мындан тышкары, тышкы саясаттагы бардык маанилүү маселелер боюнча да мерчемделген иш-чаралар жана милдеттер талкууланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Орус президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул анын мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенден берки алгачкы мамлекеттик сапары. (ZKo)

XS
SM
MD
LG