Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Дарья Маслова дагы бир алтын медаль утту


Дарья Маслова.
Дарья Маслова.

Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова «Ташкент эл аралык жарым марафонунда» жеңүүчү болду. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, мелдеш 24-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага 28 мамлекеттен 1658 жөө күлүк катышкан. Алар 21 жана 5 чакырым аралыкка жарышты.

Жарышка Кыргызстандын атынан тогуз жеңил атлет катышып, Дарья Маслова алтын, Адилет Кыштакбеков күмүш медал тагынды.

Дарья Маслова кыз-келиндер арасында жарышка чыгып, 21 чакырым аралыкты 1 саат 12 мүнөт 30 секундда чуркап өтүп, алтын медаль тагынды. Күмүш байгени 1 саат 13 мүнөт 56 секунд көрсөтүчү менен Ситора Хамидова (Өзбекстан), коло медалды 1 саат 16 мүнөт 13 секунд көрсөткүчү менен Екатерина Тунгускова (Өзбекстан) алды.

Эркектер арасында 21 чакырымга чуркоодо мара сызыгына биринчи болуп кытайлык спортчу Линьцян Ян (1:04:43), экинчи болуп кыргыз жеңил атлети Адилет Кыштакбеков (1:05:03) келсе, үчүнчү орунду өзбек спортчусу (1:05:20) ээледи. (GT)

XS
SM
MD
LG